«Facebook» шаар курат

Америкалык «Facebook» компаниясы өз кызматкерлерине Менло-Парк технопаркында 1,5 миң үй куруп берет. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, кызматкерлердин турак-жай маселесин чечиш үчүн   курулушту Калифорния штатында 1,5 миң үй куруудан баштоону пландап жатат.

Белгилүү болгондой, бул долбоор үчүн 18,5 миллион доллар каражат каржыланаары айтылууда.

Технопарк компаниянын штабында жайгашып, ал Уиллоу-Виллидж деп аталаары маалым болду.

Компания маалымдагандай, курулган үйдүн 85 пайызы кызматкерлерге, ал эми калган 15 пайызы базар баасынан төмөн сатыкка коюлат.»Facebook»  бул иштин аркасы менен жашоочулардын саны өсөт жана транспорт долбоорлоруна инвестиция көлөмү көбөйөт деген оюн билдирди.

«Долбоордун максаты ар тараптуу турак- жай, анын ичинде транспорт жана иш кеңселерин түзүү болуп саналат»,- деп айтылат билдирүүдө.

«Facebook» компаниясы курулуштун планын түзүп аны Менло-Парктын шаар бийлигине сунуштаган. Компания жергиликтүү бийлик менен болгон макулдашууга эки жылдай убакыт кетет деп болжолдошууда. Курулуш этап-этап менен жүргүзүлүп, биринчи фазасын 2021-жылы бүтүрүүнү көздөшүүдө.

Булак: Назарньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу