Эркингүл Иманкожоева камалып калса, буулуккан зектер кыйнап салышпайбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Убагында КСДПнын «союлдарын» оппозиционер-депутат Садыр Жапаровго тукуруп жүргөн Эркингүл Иманкожоева кайрадан эфирден көрүндү. Эски кеги бардай булкунуп, Кумтөрдүн мамлекетке өткөнүнөн кынтык издеп, сайрап турган кербези.

«Уулуу калдыктарды «Центерра» таштап кетти» деген кинө коюуда. Ушул да кеппи? Убагы келгенде аны дагы тазалаганга жетишебиз, туурабы? Эң башкысы, Кумтөрдүн элдин энчисине айланганы, ириде Садыр Жапаров сөзүнө туруп, майтарылбаган эрки менен жеңишке жеткени кубандырды.

Ал эми айрым билермандар экс-депутат Эркингүл Иманкожоеванын эски иштери көтөрүлүп, камалып кете турганын болжошууда. Эгер темир торго түшүп калса, буулугуп жаткан зектер кыйнап салышпайбы?..

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg