Эки жыл мурунку Айзаданын каргашалуу кырсыгы боюнча күнөөлүүлөр жазаланат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

2021 жылы 5 апрелде чырактай жаз кыз Айзада Канатбекова уурдалып, аны уурдап бараткан Замирбек деген камкордун колунан болгондо да милиция бөлүмүнүн имаратынын ичинде кайтыш болгон.Бол окуя өлкө ичинде гана эмес эл аралыккоомчулукка чейин резонанс жараткан. Ошол кездеги милиция башкармалыктардын жетекчилери Б.Матмусаев, А.Казакеев, И.Базаркулов жана башка жетекчилери шалакылыкка айыпталып кызматтарынан кеткен. Бирок тергөө териштирүү аягына чыкпай басылып калган. Жакынкы убакта УКМК Айзаданын өлүмү боюнча иликтөө баштап, кылмыш иши козголгондугу маалымдалууда. Тергөө жакында бүтүп иш сотко өтөөрү айтылууда. Жогоруда аты аталгандардан башка да бир топ жетекчилер  суракка чакырылууда. Ошентип каргашалуу окуянын күнөөкөрлөрү тийешелүү жазасын жакында алат деп ишенели.

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg