«Despacito» ырында адепсиз сөздөр айтылганбы?

Аз күндүн ичинде дүйнөлүк хит болгон пуэрто-рикалык ырчы Луиса Фонсинин Despacito ырын Малайзиянын мамлекеттик телерадиолорунан берүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги маалымдады.

Билдирүүдө Малайзиянын байланыш министри Салех Саид Керуак бейшемби күнү ырдын текстинде адепсиз сөздөр камтылган деп коомчулуктун арыздануусунан улам тыюу салынганын айтылган.

Ырды өкмөттүк радио жана телеканалдардан гана берүүгө тыюу салынган. Айта кетсек, бул чечим жеке менчик телерадиолорго жана YouTube каналына тиешелүү эмес.

Пуэрто-рикалык ырчы Луиса Фонсинин «Despacito» ыры интернетте болуп көрбөгөндөй рекорд жаратып, жарым жылдын ичинде 4,6 миллиард адам уккан. Ал эми, YouTube каналында жогоруда аты аталган ырдын клиби үстүбүздөгү жылдын январь айында жарыяланып 2,5 миллиард колдонуучу көрө алган.

Булк: gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу