Депутат Сузакта мектепти сындаган бүтүрүүчү коркутууга кабылганын билдирди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Депутат Аида Исатбек кызы Сузактагы мектептердин биринде окутуунун сапатын сындаган, бирок көп өтпөй эле кечирим сураган бүтүрүүчү тууралуу маселе көтөрдү. Бул маселени эл өкүлү бүгүн, 20-июнда өтүп жаткан парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

– Сузак районунда бүтүрүүчү ачуу чындыкты айтып, кайра эртеси күнү бул пранк болчу деп сөзүнөн баш тартты, – деди депутат. Бул маселе боюнча сиздин оюңуз кандай деген суроо койду.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, ал бала мектептин бүтүрүүчүсү эмес болсо дагы, ошол мектепте көп жыл окуптур. Ал бала айткан сөздү терс кабыл албай, анализ берип, көйгөйдүү чечүү үчүн иш болуп жатканын билдирди.

Жусупбекова бүтүрүүчү сындаган мектепке байланыштуу териштирүү жүрүп жатканын, анда айтылгандар такталарын айтты жана бүтүрүүчүгө басым жасалбаганын билдирди.

– Аны аябай катуу коркутуп коюшуптур. Телефон чалсак “мен байланышпай эле коеюнчу, мага катуу кысым жасап жатышат” деп айтты. Бугал мугалимдер эле эмес, жергиликтүү бийликтин дагы тиешеси бар экен. Эгер ал “пранк” болсо дагы, анда чындыктын үлүшү бар. Биз ал баланы коркутпай, тескерсинче ага колдоо көрсөтүшүбүз керек, – деди депутат.

Эске салсак, өткөн аптада Сузак районуна караштуу Благовещенка айылындагы Гайдар атындагы орто мектепте “Акыркы коңгуроо” салтанатында бүтүрүүчүлөрдүн бири билим берүүнүн сапатын, айрым мугалимдердин кылык-жоругун сындап сөз сүйлөгөн. Мындан көп өтпөй эле бул окуучу кечирим сурап, айткандарын “пранкка” чыгарган.

Аргумент.kg