Депутат: Кийинки революция Улуттук банктын алдында болот

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Банктар элди тоногон кан ичкич балээ болду. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты парламенттин жыйынында айтты.

Депутаттын айтымында, насыя алгандар насыяны төлөөдө кыйынчылыктарга туш болуп жатат. Андыктан, Улуттук банк насыя алган жарандардын көйгөйүнө көңүл буруусу керектигин талап этти.

«Жарандар доллар менен насыя алып, пандемия учурунда кыйынчылыктарга туш болушту. Пандемияга чейин 1 долларды 60 сом менен алгандар азыр 100 сомго жакын курс менен төлөөгө аргасыз болууда. Банктар элди тоногон кан ичкич балээ болду го. Элдер кайрылса, банктар тарбынан эч кандай реакция жок болуп жатыптыр. Ушуга бир көңүл бөлбөсөңөр, кийинки революция Улуттук банктын алдында болот. Элдер мурдагыдай ак үйгө эмес, Улуттук банкка кол салат. Ушуну бир эске алып коюңуздар», — деди депутат.

Аргумент.kg