Депутат Камила Талиева илимпоздорду иргей баштады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кечээ Жогорку Кеңеште депутат Камила Талиева айым ирип бараткан илим темасын көтөрдү. Өткөн жылы Илимдер академиясында илимдин академиктерин жана илимдин мүчө-корреспонденттерин шайлоо болгон. Өзү араң жашап жаткан илимибизге чейин саясатташып, айрым илимдин тармагы боюнча туура эмес иштер болуп кеткен болчу. Өмүрүн илимге арнап, ондогон илимий монографияларды, жүздөгөн илимий макалаларды жазып, канчалаган шакирттерди өстүрүп мээнет кылып жүргөндөр өтпөй, монография эмес макала жаза албаган, бийлиги бар, акчасы барлар илимдин академиги же мүчө-корреспонденти болуп шайланып кетишкен. Илимдин түйшүгүн тартпай эле акчанын, таасирдин күчү менен илимдин даражасын илип кете беришсе, бүт өмүрүн илимге арнаган карапайым илимпоздордун укугун ким коргойт? Бул маселе өтө олуттуу маселе, себеби акчасы аз түйшүгү оор илимге жаштар ансыз да араң келип жатканда алардын үмүтүн биротоло таш каптырбасын. Ошондуктан, депутат Камила Талиева айымдын ошол өткөн жылдагы чырлуу шайлоону териштирүү боюнча депутаттык комиссия түзүү демилгесин колдош керек. Депутаттык комиссия дыкат текшерип, жобого, талапка ылайык келбесе да илимдин бийик даражаларын илип кеткендер териштирилип, ошого жол берген жетекчилер жоопко тартылышы керек.

Булак: argument.kg

Аргумент.kg