Ден соолукка эң кооптуу диета…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Келбетибизди өз калыбына келтирүүгө аракеттенүү абдан жакшы. Бирок бул учурда аз калориялуу тамак-аштарды колдонуу ден- соолукка абдан эле зыян. Бостондун Бригом Уоменс университетинин диетологтору кетогенетикалык (аз калориялуу) диетаны адамдардын ден соолугуна зыян келтирип, жада калса акыры орчундуу ооруга чейин алып бара тургандыгын аныкташты.
Жыйынтыгында калориясы аз кетогенетикалык диета адамдардагы тамак сиңирүү түзүмүн бузуп, акыры анорексия оорусуна алып келиши мүмкүн.
Бул түрдөгү диета кандагы глюкозаны өзгөртүп, кант диабет оорусуна да алып келе тургандыгын эскертип өтүштү.
Кетогенетикалык (аз калориялуу) диетаны ашып барса эки жума убакыт аралыктан, бир айга чейин кармоого болот. Андан ашыкча убакытта кармалган диетаны организм дагы көтөрө албайт.
БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg