C. Жапаров акталды!

Акыйкаттын көзүн будамайлоого эч качан болбойт эмеспи Анын сыңары 5-сентябрда
Биринчи Май райондук сотунда экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтарына өкүм
чыкты.
Анда Садыр мырзанын агасы Сабыр Жапаров акталып, сот залынан бошотулду. Ал дароо
эле ооруп жаткан атасын көрүү үчүн туулуп өскөн Кең-Суу айылына сапар алды. Ушул эле
күнү Кожогелдиев Чыңгызхан 8 жылга эркинен ажыратылса, Эркланбек Тагаев,
Абдыманап Бегишов, Калыбек Жапаров, 4 жылга эркинен ажыратылды, алар жазасын
күчөтүлгөн тартипте өтөшөт. Ал эми Адыл Исаев, Жаңыбай Жеңишбеков, Рустам
Жапаров, Улан Усупов, Айдинбек Шамшидин уулу, Байгазы Казиев, Анарбек
Бейшебековдор 4 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылып, аларга 1 жыл сыноо
мөөнөтү берилди. Ооба, бул алгачкы баскыч. Кийинки инстанцияларда мындай
акыйкатсыз чечимдер жумшарып, адилеттик туусун көтөргөн жигиттер эркиндикке
чыгаарында шек жок.

Булак: “Майдан.kg”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу