Cүйүнчү 4 миң, жөлөкпул 700 сом: Ким канча сом алат?

Жөлөкпулдарды алуу боюнча жаңы мыйзам долбоору 2018-жылдын январь айынан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө бөлүмүнүн башчысы Шералы Жолонов Ошпирим сайтына билдирди.

Жолоновдун маалыматына таянсак, Кыргыз Республикасында жөлөкпулдарды алуу боюнча 2017-жылдын июнь айында жаңы мыйзам долбоору кабыл алынып, анын негизинде өкмөт токтом кабыл алат.

“Кыргыз Республикасында жөлөкпулдар жана жардам катары берилүүчү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, мурда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жөлөкпулга жеткен болсо, эми ар бир жаңы төрөлгөн бала сүйүнчү катары 4 миң сом, 3 жашка чейин эне-балага жөлөкпулу 700 сом берилет. Мындан сырткары, 3 же андан көп балалууларга 3 жаштан 16 жашка чейин 500 сомдон акча берилет. Мисалы, 4 баласы болсо, ар бирине 500 сомдон жалпы 2 миң сом алат.”

2018-жылдын январь айынан тарта жаңы мыйзам долбоорунун негизинде өкмөт тарабынан токтом кабыл алынган. Андан кийин, жөлөкпулдарды алууга тиешелүү документтер талап кылынат жана ар бир үй-бүлө баланын санына жана мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелерге ылайык акча алышат.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу