Cудьяларды тандоо боюнча сынак жарыяланды

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы судьяларды тандоо боюнча сынак жарыялады.
Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сынакка катышуучу
талапкерлер КР жараны болуп, эч бир партияга мүчө
болбошу керек. Андан сырткары, буга чейин
соттолбогон жана кадыр-барктуу, абройлуу болушу
керектиги айтылган. Ошондой эле жарандык коомдон
көрсөтүлгөн кеңештин мүчөсү 30 жашта болуп,
жогорку юридикалык билимдүү жана юридикалык
кесиби боюнча беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы
болушу шарт.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу