Cооронбай Жээнбеков тар чөйрөдө Атамбаев ага мураскер катары токтолгонун жарыялаптыр

Өткөн жумада премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзүнүн командасынын өзөктүк бөлүгүн жыйнап, сый тамак үстүндө Алмаз Атамбаев президенттик тактыга мураскер катары анын талапкерлигине токтолгонун жана бул акыркы чечим экенин жарыялаптыр.

Эч кандай Сапар Исаков, Иса Өмүркулов, Кубанычбек Кулматов, Темир Сариев сыяктуу мураскерликтен үмүт кылып, жулунуп тургандар мураскер болбойт экен. Ошондой эле мындан ары региондордогу бийлик вертикалын чыңдоо, кадрдык чечимдерди өз алдынча ишке ашыруу укугун да Атамбаев мураскерине бериптир. Жээнбеков баардык чечүүчү участокторго өзү ишенген кадрларын дайындап, ал кадрлар административдик ресурстарды көзөмөлдөп, Жээнбековдун президенттик шайлоодогу жеңишин камсыз кылышы керек экен. Сооронбай Жээнбековдун бул багыттагы алгачкы кадамы – бул Ысык-Көл облусундагы өкмөтүн өкүлү кылып Узарбек Жылкыбаевди өз алдынча, Атамбаевдин киришүүсүз дайындаптыр. Эми Жылкыбаев көлдүн агы менен “карасынын” башын бир жакага бириктирип, келечек президентке иштетип берет экен. Жакынкы күндөрдөн тартып Атамбаевдин мураскери Сооронбай Жээнбеков бүт өлкө боюнча мерчемдүү кызматтарга өз ишенген кадрларын дайындай башташы күтүлүүдө.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу