Cооронбай Жээнбеков расмий жолугушууларда «мыктылыгын» көрсөтүүдө

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-декабрда Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары, кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын россиялык бөлүгүнүн төрагасы Аркадий Дворковичти кабыл алды.

Жолугушууда Кыргызстан жана Россиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын келечеги, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, эки өлкөнүн аймактарынын кызматташтыгын активдештирүү боюнча пикир алмашуу болду.

«Саясий планда Кыргызстан жана Россиянын ортосунда эч кандай пикир келишпестиктер жана көйгөйлүү маселелер болушу мүмкүн эмес. Россия дайым Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болгон жана ошондой болуп кала берет. Биз аймактардын биргелешип иштөөгө жана жана конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга болгон умтулуусун колдошубуз керек. Биз Кыргызстандан Россиянын аймактарына продукцияны жеткирүүгө кызыкдарбыз», — деп белгиледи Мамлекет башчысы жана Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине көңүл бургандыгы үчүн ыраазчылык билдирди.
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланышы менен куттуктады жана анын биринчи чет элдик сапары Россия Федерациясына болгонун канааттануу менен белгиледи.

Эске сала кетсек? КР президенти Сооронбай Жээнбеков расмий жолугушууларда баардык эл аралык эрежелерди жана өзүн президенттердин катарында алып жүрүүнү так жана кылдаттык менен сактоодо.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу