Cаясатчылар Атамбаевдин камалышын талап кылууда

Саясатчылар Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевди камакка алууну талап кылышты.

Алар ачык кат менен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты.

«Азыркы президент экс-президенттин кызыкчылыгын коргоп жатат» деп божомолдоп жатабыз. Эмне үчүн Атамбаевге депутаттык комиссия таккан алты айыптын эң башкы күнөөлөрү алынып калган? Бул Атамбаевдин жоопкерчилигин элдин алдында жеңилдетүү максатында президент тарабынан аны жашыруун колдоо экени көрүнүп турат. Эмнеге Атамбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн жетиштүү негиз болуп турса да, ал дагы деле камакка алынбай жатат? Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгү кооптуу кырдаалда, себеби ал күзүндө өзүнүн тарапташтары менен мамлекеттик төңкөрүш жасай турганы көрүнүп турат. Алмазбек Атамбаевге кылмыш ишин козгоп, аны камакка алууну талап кылабыз» деп жазылат саясатчылардын кайрылуусунда.

Булак: «АЗИЯ news»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу