Cапар Исаков ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын Алмазбек Атамбаев экөө колдогон…

Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо кытайлык ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын коргогондордун анабашында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков да турганы коомчулукка белгилүү болуп калды.

Ал КР президентинин аппаратында тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турган маалда аталган кытайлык компаниянын кызыкчылыгын коргогон катты ошол кездеги президент А. Атамбаевдин атына жолдогону да ачыкка чыкты.

Бул компаниянын кызыкчылыгын колдогон кытай өкүлдөрү менен да алдын-ала жолугушуп, модернизациялоонун баасын төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү да билинди.

Андыктан эми С. Исаковду УКМК суракка чакырып жатканы тууралуу маалымат 13-майда интернеттеги социалдык түйүндөрдө кеңири тараган болчу. Бул маалыматка жазылган комментарийлерге карасак, көпчүлүк кыргызстандыктар С. Исаковдун өзүнүн жасаган иштери үчүн мыйзам алдында жооп беришин каалашууда.

Мыйзам баарына бирдей иштеши керек. Өзүнүн жасаган былык иштерин башкаларга түртө салуу менен кутулууга да эч качан болбойт.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу