Бир жылда үч ирет камалган Курсан Асанов “күнөөсүн” моюнга албай жатыптыр

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Абактагы Курсан Асанов коюлган айыптардан баш тартып, “күнөөсүн” моюнга албай жатыптыр. “Төңкөрүш жасоого даярданган” деген аудиозаписти тааныбай жатканын кабарлашты. Бул боюнча көз карандысыз экспертиза үндүн монтаждалганын белгилептер. Кылмыш иши сынабы? Айтор, бир жылдан бери үчүнчү ирет камалган Курсан Асанов кыргыз саясатындагы кызыктуу фигура катары сыпатталууда. Түрмөгө көнө түшкөнү, эрктүүлүгү боюнча кеп жок. Ал кандай болгон күндө да саясатка активдүү аралашууну, бийликке келүүнү болжоп жатканын билермандар божурашты. Бирок, пиар иштеринен аксап калганы, мүмкүнчүлүгү чектелүү экени өзүн унуткартып салбайбы?..

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg