Бийликтин “эрке айымы” Айгүл Абдраева “билген намазын” окуй баштады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Айгүл Төлөковна Абдраеванын таскагы 2020-жылдан кийин чыгып баштады.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик универстетинин катардагы мугалими “Мекенчил” партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка ат салышып, бийлик алмашкандан кийин “И.Арабаев атындагы КМУнун проректору болом” деп жулунуп, ал кызматта 10 жылдан бери жакшы иштеп жаткан Тууганбай Коңурбаев менен чатакташып, анда бир “дуу” болду.

Проректорлук орун буюрган эмес экен. Ал кездеги министр А.Бейшеналиев илим боюнча орун басары П.Туркбаевдин ордун бошотуп, А.Абдраева билим берүү жана илим министринин орун басарлыгына секирик кылды.

Ортодо Б.Купешов менен бир аз иштешкенден кийин министр Алмаз Бейшеналиев кайра ордуна келип калды. “Реформаларга тоскоол болот” дедиби, айтор, арабөк болуп жүргөн А.Абдраеваны И.Арабаев атындагы КМУга биринчи проректор кызматын ачып, ошол жерге жылдырып, сентябрада өз колу менен ректор кылып кетти.

“Реформатор министрдин” жардамы менен каалаган кызматына секирик жасап, бийликтин “эрке айымы» болуп жаткан Айгүл Абдраева ректор болуп келери менен кадр маселесине киришип, мурдагы депутат Таалайбек Абдылдаевдин баласын проректор кызматына дайындап, “билген намазын” окуп баштаптыр.

Кесиптештери Айгүл Абдраеваны “1-лединин подружкасы” деп айтышууда, иши кылып, “кимдин кимдин заманы, Баткен гүлдөрүнүн заманы” дегендей эле каңшаар кетти…

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg