“Твиттердеги бул аккаунттун Бишкек комендатурасына эч кандай тиешеси жок”. Бул тууралуу Бишкек комендатурасынын басма сөз катчысы Улан Жумаков Фейсбуктагы баракчасына жазды.
“Коомдук жайларда бет кабы жок жүргөнү үчүн айып пул салынат деген маалымат туура эмес”, – дейт ал.
Эске салсак, социалдык тармактарда Твиттердин колдонуучусуна Бишкек комендатурасынын атынан жазылган жооп талкууланып жатат.
Анда, Бектур Искендер аттуу колдонуучу Твиттердеги баракчасына “коомдук жайларда дайыма бет капсыз жүргөн президентке чара көргүлө” деп комендатурадан суранган. Ошондой эле, ал президент канча айып пул төлөшү керек деп кызыккан.
Анын постунун астына @commandantkg аккаунтунан жооп жазылган болчу.
Комендатуранын маалымат катчысынын билдиришинче, комендатуранын атынан ким жазып жатканы иликтенип жатат.
Булак:БарсМедиа