Бензин дагы кымбаттайт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Россия кымбат сатса Казахстан,Туркменистан менен келишим түзгүлө, ар нерсени шылтоо кылып кымбаттата бербей. Ошентип, Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбаттайт. Бул тууралуу маалыматты Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Кеңешбай Тайлаков парламентте өткөн жыйында билдирди. Анын айтымында, учурда күйүүчү май Россиядан жогорку баа менен сатып алынууда. «Күйүүчү май дагы кымбаттайт. Азыр запастардан маселе болуп жатат. Бүгүнкү күндө бензиндин 14 күндүк, дизелдик майдын эки айлык запасы бар. Биздикилер келишимди доллар менен түзүп жатпайбы. Бааны түз жөнгө сала албайбыз, бирок нефтетрейдерлерге койгон талаптарыбыз бар. Керектөөчүлөрдү ойлоп, бааны кескин көтөрбөй иреттүү саясатты алып барат. Биз импортко 90 пайыз көз карандыбыз. Азыр баа 50-60 тыйындан көтөрүлүп жатат. Күйүүчү майдын жаңы партиясы келсе бааны эсептейбиз. Талдоолорду жүргүзүп, рыноктук механизмди колдонобуз», — деди Тайлаков.

Аргумент.kg