Бек Борбиев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койду
11-тогуздун айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваКыргыз Республикасынын эл артисти Бек Борбиев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койду. Бул тууралуу ал өзү Инстаграм баракчасына жазды. Маалыматка ылайык, Бек Борбиев шайлоого «Ата журт Кыргызстан» саясий партиясы менен 17-катарда аттанган. «Урматтуу достор, 28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоого «Ата журт Кыргызстан» саясий партиясы менен 17-тизмеде сапар алдым. Эмнеге дегенде, партиянын программасы, стратегиясы, келечекке болгон көз карашы менин дилим менен 100 пайыз дал келди. Албетте, 3-4 партиядан мага сунуш келген, бирок жүрөгүмдүн үнүн угуп, ушундай чечимге келдим», — деп жазды ал.