Бейшеналиев: «Жумабековдун шакирттери дүйнөлүк деңгээлге чыкса асынып алганга даярмын»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев БНИЦТОдо диссерациясын жактагандардын жогорку деңгээлине ишенбейт. Бул тууралуу ал Kaktus.kg’ге берген түз эфиринде билдирген.

Маалыматка караганда, БНИЦТОдо диссертациясын жактагандар эч качан дүйнөлүк деңгээлге чыга алышпайт.

«Эгер алар дүйнөлүк деңгээлге чыгып, Кембридж университетине кирсе, силер мага ошону далилдеп берсеңер, анда мен асынып алам. Жөн эле отставкага кетип калбайм. Мен илим жолунда жүргөн кишимин, академиянын мүчөсүмүн, доктормун, профессормун. Мен диссертацияны 30 жыл жазгам, анын кандайча жазылышын билем. Ошондуктан айткандарым үчүн жооп берем», — деп Алымкадыр Бейшеналиев ишендирди.

Ошондой эле, Саламаттыкты сактоо министри алардын илим чөйрөсүндө жол таап кетишине ишенбегенин, ар бирин жакындан таанып, деңгээлин жакшы биле тургандыгын кошумчалады.

Аргумент.kg