
Баткенде Сталиндин сүрөтү тушүрүлгөн баннер коомчулуктун кыжырын келтирди
02-бугу, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваКадамжай районунун Үч-Коргон айылында Сталиндин сүрөтү түшүрүлгөн баннер илинди.Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары,баннерди алып салууну талап кылышты.
Маалыматка ылайык, баннер 9-май Жениш күнүнө карата, жергиликтүү айыл өкмөтү тарабынан коюлган.
Ал эми,социалдык тармактардын колдонуучулары Иосиф Сталиндин тушунда анын түздөн-түз буйругу менен өткөн кылымдын 30-40-жылдарында массалык репрессиялар, анын ичинде кыргызстандыктарга каршы жасалганын эске салышты.
Аталган баннер боюнча ,райондун акими Кутпидин Шакиров баннерди алып салууга буйрук берди.
Булак:Аргумент кж