Башка ажолордун аялдары адаштырса, сиз туура жол көрсөтөсүз…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

(Айгүл Жапаровага!)

Сиздин башыңыздан көп окуялар, кыйын күндөр, кырсыктар өттү. Баарына чыдап, көтөрүп, кайгыга майтарылган жоксуз. Сиздин күчтүү сапатыңызды баалайм. Митинг, пикетте жүргөнүңүз, кор болгонуңуз эсибизде. Бирок тагдырдын жазмышы экен, көп узабай президенттин жубайы катары жогорку чекке көтөрүлдүңүз. Бул да болсо сыноо. Татаал мезгилде күрөштүңүз, кыйынчылыкты ичиңизге катып, кайгыны жашырып, баарына чыдап бердиңиз. Учурда жогорку деңгээлде жашап жатасыз. Мен ушул жерден бир кеңеш бергим келет. Сиз келечекти ойлонуңуз, эртең жолдошуңуз президент болбой калса, ордун кайсы жактан көрөбүз? Оомат, дөөлөт тоголок… Чындыгында сиздей аялзаты президенттин жубайы болуп турганда, туура, келечектүү жолду көрсөтсөңүз керек. Баардык ажолорду аялдары адаштырышкан, а сиз андай жолго барбасаңыз керек. Туура кадамга салыңыз…

Акбар 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg