Азимбек Бекназаров,коомдук ишмер: «Биз азырынча бийликти «кет» деп айта элекпиз»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

– Президентибиз шайланганына эки жылга айланып баратат. Күзүндө саясат кандай өңүттө курчуй турганы тууралуу пикириңизди уксак?
– Күзүндө мекенчил күчтөр жалпы Кыргызстан боюнча курултай өткөрүүгө даярданып турабыз. Мурдагы курултайлардын чечимдери, талаптары канчасы аткарылды, канчасы аткарылган жок, азыркы бийликке баа берип, “күзгө чейин ушул талаптарды аткар, аткарбасаң кет” деген маселени көтөрүп чыгабыз. Азырынча катуу кете элекпиз да. Кайсы жерде, кантип өткөрөбүз ошол боюнча иш жүргүзүп жаткан учурубуз. Биздин кыймылдагы балдар Баткенде, Чеч-Дөбедө курултай өткөрүп келишти. Башка күчтөрдү билбейм, биз ошого даярдык көрүп айтабыз.
-Сиздердин талап, чечимдер аткарбаса, кандай кадамдарга барасыздар?
– Кыргызстан элинин өз укугу бар. Бийликтин ээси, булагы – эл. Эгемендиктин ээси – Кыргызстандын эли. Эл курултай өткөрүп, ар кандай маанилүү иштер боюнча маселе кетөрсө болот. Биз ушул укуктарыбызды пайдаланып, бийликтин кылбай, аткарбай жаткан иштери боюнча тынбай маселе кюоп келе жатабыз. Ал маселелердин эң башкысы катары «эмне үчүн авторитаризмди, президенттердин жеке бийлигин сындыруу боюнча реформалар жүрбөйт? Эмне үчүн кен байлыктарды ушул убакка чейин чет элдиктер талап жатат? Мисалы, Жерүй боюнча биздин үлүшүбүз канча билбейбиз. Үлүшүбүздү аныктабай туруп чет өлкөгө сатып жибергенбиз. Ал саткандар эмне үчүн жоопко тартылбайт? Кумтөр эмне үчүн кайра кайтарылбайт? Парламетте Кумтөр боюнча «бул коррупциялык келишим» деп чечим кабыл алынды эле, эмне үчүн бул каралбайт? Ушул талаптарды өткөн жылы элдик курултайда алып чыкканбыз. Азыр ошол талаптардын аткарылганына рахмат айтып, аткарылбаганына «бул маселелерди эмне үчүн аткарган жоксуңар?» деп маселени кабыргасынан коёбуз.
Президенттин шайланганына бир жыл толгондо аванс катары «канааттандырарлык» деп тапканбыз. Эки жылдыгында жалпы элдик курултайды өткөрүп, бийликке кайрадан саясый баа бергени жатабыз. Баа бергенде да объективдүү беребиз да. Тынбай бийлик менен байланышта болдук, маселерди койдук. Он миңден ашык кол топтоп, Конституциядагы укугубузду пайдаланып, элдик демилге менен шайлоо системасын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун киргизип, парламентке тапшырганбыз. Сентябрдагы жыйындарда караларын үмүттөнүп турабыз.
– Атамбаев камалды. Учурдагы күчтүү оппозиция катары кимдерди белгилесек болот?
– Мен Атамбаевди оппозиция катары эсептебейм. Атамбаев өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн эрегишти, күрөштү да. Азыркы бийликтин саясатына башка идеяларды айтып, «мындай кылып өзгөртөлү» деп жол көрсөтүп чыгышса, аны оппозиция маанайында бааласак болмок. «Мага иш козгоп жатасыңар. Мен жөн калбайм, атышам» деген ал оппозиция эмес. Биз ким камалып, кыйкырып чыкса, ошону «оппозиция» дейбиз. Туурабы? Жок, аныкы болсо жеке кызыкчылык. Элибиз адашпашы керек. Оппозиция деп кыргыз элине пайдасы тийе турган идеяларды айткан адамдарды айтат. Эгер Атамбаев оппозиция болсо, биздин курултайга катышып, идеяларын айтса болмок. Ал басып келген жок.
Булак: «Азиянюс»

Аргумент.kg