Азимбек Бекназаров,коомдук ишмер: «Бабановду президент кылып, убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн бирден камоону максат  кылып жатышат»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 -Азимбек Анаркулович, Текебаев менен Чотоновдун иши кайра каралсын деген шартта Жогорку соттон Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлүптүр. Бул адилеттүүлүктүн орун ала баштаганынан кабар береби же Атамбаевди саясаттан жок кылыш үчүн жогору жак Текебаевди эркиндикке чыгарууга аргасыз болдубу?
-Сот Атамбаевди жок кылыш үчүн Текебаевди акташ керек деген алкакта жүрбөшү керек. Судья мыйзамдын талабы менен гана иш кылып, сотто Атамбаевди биротоло жок кылыш үчүн же саясий өңүттө чечим чыкпашы керек. Сотто иштин укуктук жагы гана каралышы шарт. Мен эмнегедир Текебаев менен Чотоновду актап салат деген ойдон алысмын. Анткени, ишти оңдоп кароо кадыресе эле болуп жүргөн процесстердин бири. Кээ бир иштер 11 жолу Жогорку соттон артка кайтарылган учурлар болгон. Ошон үчүн биротоло акталып кетээринен шек санап жатам.
-Бирок, “Ата Мекенчилер” чындык жеңгендей кубанып, Текебаев акталат деген үмүттө болуп жатышат го?
-Акталсын. Каршы эмесмин. Текебаевдин иши обьективдүү каралган эмес. Жогорку соттон жаңы ачылган жагдайдын шартында оңдоп каралсын деген чечим болсо, адилеттүү чечим деп айтат элем. Чечимди окуй элек болгон үчүн кандай максатта каралсын дегенин билбей жатам. Анткени, кайра оңдолуп каралсын дегендин туру бар. Текебаевдин ишин кандай максатта каралсын деп артка кайтарганы белгисиз болуп жатат.
-Баса, Өмүрбек Бабанов буга чейин Кыргызстанга келээрин жар салып, бирок келгенден коркуп, алган билетин кайра артка кайтарган эле. Бу сапар кантип коркпой келди? Же суйлошүү жүрүп, камалбасына көзү жеттиби?
-Менин жеке пикиримде суйлөшүү болгон. Бабанов коркок жигит. Ал керт башынан эмес, дүйнөсүн жоготуп алуудан коркот. Бабановдун келишинин аркасында Казакстандын мурдагы президенти Назарбаев, Россиянын президенти Путин жана биздин экс- президенттер Акаев, Бакиев, жана алардын балдары Максим менен Айдар турат. Алар Бабановду ушул кырдаалдан пайдаланып бар деп көндүрүшкөн. Россиянын бийлиги аркылуу кепилдик алып беребиз дешкен. Алар ушул кырдаалдан пайдаланып ал дешкен. Менимче, Бабановду жөнөткөндөрдө Кыргызстандагы азыркы бийликтин бекемдигине шеги бар. Кокус революция болуп кетсе бийлик башына улутчулдар же исламчылар келип калбасын дешип, Бабановду “биз сени колдойбуз, Бийлик колуңа тийсе, Бажаев экөөңөр каалагандай башкара бересиң” — деп жөнөтүшкөн. Анткени, алардын ою боюнча Кыргызстанда Россиянын саясатын колдогондор бийликке келиши керек.
-Бабанов камалбайт деген кепилдик барбы?
-Бийликтин кепилдиги жок болсо, Бабанов келмек эмес. Россиянын ФСБсы кепилдик берген үчүн Бабанов келди. Президенттин коррупция менен күрөшөм дегени чын болсо, Коррупция менен күрөштү сенден баштайм деген сөзүнө туруп, Атамбаевди камаганына корстон болбой Бабановду да ал аралашкан иштер боюнча сураш керек. Башканы айтпасак да, Жерүй боюнча сурака алып,неге Кыргызстандын үлүшү жок берилип кеткенин себебин билишибиз керек. Анткени, Жерүйдөн казыла турган 105 тонна алтындын канчасы Кыргызстандыкы экени белгисиз. Бышык макулдашуусу жок иштеп жаткан Жерүй коррупция эмеспи? Жок эле деген чегинде суралышы керек.
-Бабановду кандай максат менен Россия колдоого алып жатат?
-Бабановду президент кылып Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн бирден камоону максат кылып жатышат. Эгер Сооронбай Жээнбеков өз алдынча чечим чыгарып, өз алдынча иш кылбаса, кимдер менен иштешип жатканын түшүнбөсө өзү ошондой сырткы күчтөрдүн курмандыгына айланып калышы ыктымал. Анткени, ал да Убактылуу өкмөттүн бир мүчөсү болгон.
-Азимбек агай, неге иштеп жаткан президент да, экс- президент да Путиндин кабыл алуусунда болду. Бизде Россиянын макулдугусуз иш кыла алышпайбы?
-Акыркы мезгилде кылмыш иштер да Москва менен кеңешилип калды. Батукаевге окшогондор да Москва менен кеңешилип чыгарылып калды. Биз болсо Москванын айынан Саляновага окшогон кыздарыбызды каматып отурабыз. Бул чынында уят иш. Президенттерибиз кыйын болсо Акаев, Танаев, Бабановдорду Москванын колтугунан чыгарып, алтындарыбыз үчүн суракка алыш керек. Анкени, алтындарыбызды Акаев менен Танаевдер саткан. Ушул авторитардык режимди да ошолор орноткон. Аны Бакиевдер гүлдөткөн. Бирок, биздин президенттер Путиндин же Лукашенконун алдында аларды бергиле деп бир да жолу маселе коюшкан эмес. Азыркы президент да аларды бергиле деп маселе койгон жери жок.
-Атамбаевдин камалышы туура болдубу же Сооронбай Жээнбеков ичкен кудугуна түкүрдүбү?
-Атамбаев өзүнө өзү кылды. Ал бийликтин күчү менен бийликке келди. Ал турсун бийликтин күчү менен парламент түздү. Бирок, башка президенттердей эле анын тилеги жаман болду. Мураскор дайындаганы менен өз бийликти башкарууну каалады. Маселе ошондон чыгып, арты Атамбаевдин камалышы менен коштолду. Негизи биздин президентгтердин Кудай талаа тилектерин кабыл кылат экен. Акаев “мага Ангилиянын каролундай бийлик бергиле” — деп отуруп, каршы чыккан парламентти таратып,Референдум аркылуу  ээ болду. Жыйынтыгында башкара албай калып, үй бүлөсү кошо мамлекетти башкарууга аралашып кетти. Бакиев, “Акаевдин бийлиги укмуш турбайбы, ал туура эмес пайдаланган турбайбы” — деп, “бул бийликти керек болсо, автомат менен коргойм” деди. Айткандай эле автомат менен коргоду. Көп адамдар өлүп, максатына жетги. Атамбаев болсо менде курал бар. Мен атышам деп атып, акыры жаман бүттү. Эми Сооронбай Жээнбеков мурдагы президенттердин катачылыгын кетирбейм. Ниетимди түздөйм, мурдагы кемчиликтерди оңдойм, коррупцияны жоём деши керек. Атамбаевди, баланчаны камайм дей бербеши керек. Алла таала президенттердин ниетин берип коёрун мезгил өзү көрсөтүп жатат.
-Атамбаевге каршы көрсөтмө берип, тергөө менен кызматташса эле алардын баш коргоо чарасы өзгорүп калганы туурабы же?
-Негизи мыйзамда ошондой көрсөтүлгөн. Тергөө менен кызматташкандарга жеңилдиктер берилип, баш коргоо чарасы өзгөрүп, уй камагына чыгат. Бирок, бул туура эмес көрүнүш.
-Атамбаев кайсыл жерден чекиликке жол берди?
-Ал башынан эле тергөө менен кызматташса болмок. Мен анда андан башка жол жок экенин айтып, видео кайрылуу жасагам. Мен Атамбаевди жакшы билген үчүн ошенткем. Ал кааласаңар үйгө келип суракка алгыла деши керек эле.
-Курсан Асанов Атамбаевди колго түшүүгө көндүрүп, бирок неге өзү милициянын кызыкчылыгын сатты деген негизде кызматтан алынды?
-Кызматтан кетирип, кылмыш ишин козгогондоруна караганда ишинде мандем бар го. Болбосо андай нерсе менен кызматтан алышпайт эле.
Булак:Ачык саясат

Аргумент.kg