Атамбаевди үй камагына чыгарууга ага коюлган берене жол бербейт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бир нече кылмыш иштери боюнча түрмөдө отурат. Ал Кой Ташта офицерди атып өлтүргөндүгүн мойнуна алып, ага киши өлтүрүү боюнча иш козголуп соттолду. Ага чейин Бишкек ТЭЦ боюнча коррупциялык иште негизги фигурант болуп эсептелет. Андан сырткары бажы уюмуна Кыргызстанды кийирип өлкөнү жкономикалык каатчылыктын сазына батыргандыгы да кылмыш катары бааланууга тийиш. Ал республикадагы бир нече ири өнөр ишканаларын жок кылган, жана өзүн мультимиллионер деп жарыялаган чиновник. Ал бийликте турган кезде өзүнүн бийлигин мактатуу максатында бир катар ММК каржылап турган. Ал каржылап, колдоп турган гезит, саттардын ээлери Рыскелди Момбеков, Назгүл Мамытова сыяктуу журналисттер. Алардын арасынан Ирина Карамушкина, Рыскелди Момбековго окшогон атамбаевчил депутаттар да болгон убагында. Алардан сырткары көмүскөдөн туруп өлөөрчө колдогон журналисттердин бир тобу бар. Эми булар Атамбаевдин акчасынан ооз тийген арзымат журналисттер да. Азыр да соцтармактарда Атамбаев үй камагына чыгуу керек деп зар какшагандар ошолор. Учуру келсе фамилия, аттарын тизмектөө да кыйын эмес. Атамбаев мамлекеттик деңгээлдеги кылмыш кылган, киши өлтүргөн адам. Ал үй камагына чыкканга болбойт!

Залимкан Саматов

Аргумент.kg