Анжелика шайлоого катышабы?
17-кулжа, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваЫрчы Анжелика Кайратова Бишкек шаардык кеңешке боло турган шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу маалыматты ырчы өзү социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты.
Белгилей кетсек, ырчы буга чейин “Наш народ” партиясында тизме боюнча алтынчы катарда болчу. Партия шаардык кеңешке өтүп, шайлоодон кийин кайра артка кайтарылган. Эске сала кетсек, 11-июлда Бишкек, Ош, Токмок шаарларында кайрадан шайлоо болот.