Алмазбек Атамбаев кайра ооруп калды

Алмазбек Атамбаев кайра ооруп калды

13-үчтүн айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Бүгүн, 13-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана башка айыпталуучуларга каршы сот ишин улантты.  Отурумда судья Азирет Медеров төрагалык кылууда.

Отурумдун башында А.Атамбаев, бир катар адвокаттар жана жабыркаган тараптын өкүлдөрү жок экендиги маалымдалды. Көзөмөлдөөчүлөр мурунку президенттин арызын беришти. Анда Атамбаев ден-соолугуна байланыштуу процесске бара албай турганы, сотту ал жок өткөрүүнү суранганы жазылган. Арыз менен чогуу медициналык справка берилди.

Белгилей кетсек, сот бир процессте бириктирилген үч кылмыш ишин карап жатат. Үч эпизоддо тең Атамбаев айыпталып жатат.

Ал Кой-Таш айылынан жер тилкелерин мыйзамсыз алганы, мыйзамсыз байыганы жана 2019-жылы 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон башаламандыктар үчүн айыпталууда.