Акылбек Жапаровдун байлыктарына УКМК кызыга баштадыбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкектин чок ортосундагы “Дамас” мейманканасы өкмөт башчы Акылбек Жапаровго караштуу экенин элдин баары сөз кылып келишет. Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп, ушунчалык байлыкка кантип жетти? Бул чети эле го?.. Мына ушул суроолор коомчулукту көптөн бери түйшөлтүп, натыйжада, укук коргоо органдарына собол салуу күчөдү. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев учурда “атажуртчулардын” жакындарын, балдарын, бийликтеги таасирдүү адамдарды “Коррупция”, “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренелери менен камап, “кустуруп” жаткан соң, Акылбек Жапаровго да кезек жакындап калганын билдиреби? Атайын кызматта көп маалыматтар болсо керек. Өкмөт башчынын “Дамастан” сырткаркы байлыктары да козголобу? Бул боюнча тар чөйрөдө талкуулар жанданып, бир балээнин шек-шыбыры байкалып тургандай…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg