Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Аялдарга СИЗОго жатыш кичине кыйыныраак го…”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Акбөкөн Дүкенович, оппозиция өкүлдөрүн камоо боюнча пикириңиз кандай?

— Менин оюмча, аял кишилерди камабай деле коюшса болмок. Аял кишилерге СИЗОдо жатыш кичине кыйыныраак го. Көбү айып төлөп эле чыгып атышпайбы. Тергөө бүтсө, эки айдан кийин жарымынан көбү кайра чыгат деген үмүт бар. Ал эми берки “карт бөрүлөр” болсо… Кээ бирөөлөр Акаевди жутушкан, Бакиевди жутушту, Атамбаевге каршы болушту, Сокени айдашты… Ушулар эле жүрүшкөн. Бүгүнкү бийликти да өздөрү эле алып келишкен да. “Оппозиция” деп атпайбызбы, алардын өзүнүн позициясы, сунушу болуш керек да. “Мен минтем”, “кыйратам” деп эч кимиси айтпай жатпайбы! Только жамандап эле… көбүнүкү жамандамай. Такыр альтернатива жок.

— Ал эми активисттер, блогерлерчи?

— Мен чынын айтсам, көбүн тааныбайт экенмин. Активист катары деле көрбөптүрмүн. Интернетке да көп кирбейм, ошондуктан ал кишилер жөнүндө жакшы жагын деле, жаман жагын деле айталбайм.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg