Айдана: “Саясий сойку болуп элине жардамың тийбесе мага окшоп веб сойку болуп жардам бер”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Дүйнөнү каптаган пандемия кимдир бирөөлөрдүн жашоосуна көлөкө түшүрүп, капчыгын какса кимдир бирөөлөр капчыктуу болду. Мындай оор учурда баласын карабай, үйбүлөсүнөн да башка аялдарды караган мырзалар көп экенин өз көзүм менен көрдүм. Мен өзүм эки жылдан ашуун убакыттан бери вебкам болуп иштейм. Бул жумушка башында айлам жоктон киргем. Анда да кыйын кырдаалдан чыгып алгандан кийин таштайм деп кабат-кабат убадаларды берип баштаган элем. Бирок жеңил акча табуу жолу менен тез байып, жакшы жашоого барганым мени убадаларды унуттуруп койду. Ооба мени эми сөгүп жатып калгыла. Бирок мен азыр менин силердин сөз менен айтканда бузулуп кеткенимди эмес, эл кыйналып бир сындырым нанга жетпей турганда мага окшогон виртуалдуу сойкуларга акыркы акчасын төлөп суткалап ноутбук тиктеп жылаңач отурган мырзаларды жазгым келди.
Пандемия башталды деп өлкөгө өзгөчө кырдаал жарыяланганы калктын жарымынан көлбү жумушсуз калды. Албетте бул өкүнүчтүү. Мындай кырдаалда кээ бир бала-чакасы бар вебкалар иштей албай калышты. Мага окшогон бойдок жалгыз жашаган вебкалардын гана күнү туулуп жатты. Албетте, алардан келген акчаны мен өз чөнтөгүмө салып алган жокмун. Жардамга муктаж болгондорго бир жумалык азык-түлүк жеткирип берип турдум. Мындай оор абалдагы үй-бүлөлөр жаңы конуштарда ар бир экинчи үйдө турат экен. Беш үйбүлөнүн батирин акчасын төлөдүм. Ал эми мага кардар болгон мырзалардын арасында элге таанылган акчалуулары бар эле. Алар жардам берүүнүн ордуна балдарынан жашынып алып, бизге кардар болуп отурушту. Ошол адамдын бири кечеки митингде эл үчүн күйгөн адам болуп кыйкырып жатты. Болбосо кыйын кырдаалда ал үйүнө жашынып алып биз менен кумарланып отурган. Мына элди аларга окшогон оозу жакшы сөздү сүйлөгөндөр эмес мага окшоп денесин саткандар бакты.
АРГУМЕНТ.КЖ

Аргумент.kg