Аялын кызганычтан улам ысык үтүк менен үтүктөп, кулагын кесип салган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кызганычтан улам аялын сабап, кулагын кескилеп ысык үтүк менен ар кайсы жердерин басып күйгүзгөн. Бул тууралуу nur.kz сайты социалдык тармакка жазган күбөгө таянып жазып чыкты.

Маалыматта, Казакстандын Талдыкоргон шаарынын жашоочусу 33 жаштагы эркек эки күн бою аялын батирине камап, катуу сабап кыйноо көрсөткөн. Бул окуя  алгач социалдык түйүнгө жарыяланып чыккан. Анда күйөөсү аялын кызганычтын отуна чыдай албай эки күн катары менен кыйноого алып сабаган. Ал алгач эшикти бекитип, аялынын телефонун тартып алган. Андан кийин ур токмокко алып, ысык үтук менен денесинин ар кайсы жерлерин күйгүзгөн. Аялына башка эркектердин кызыгуусу болбосу үчун аялынын кулактарын кескилеп салган. Мындай кыйноодо аял бир нече жолу эсин жоготкон. Бул тууралуу Алмата облусунун полиция департаменти тастыктан эркек киши убактылуу камоочу жайга киргизилгенин, ал эми келин болсо оор абалда ооруканада жатканын билдиришкен.

Аргумент.kg