Аида Салянованын убактылуу жеңилүүсү – ага күч-дем берет!

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаарынын Свердлов округунан Аида Салянова кайсы бир деңгээлде утулуп калды. Мандат алган жок. Бирок, ага карата элдин ишеними, шайлоочулардын симпатиясы кала берди. Акча тараткан жок, админресурстан алыс болду. Карапайым эл колдоду. Аныгында, шылуундар, күчкө салуу менен капчыктуулар астыга чыгып кеткени айтылууда. Бул утулуу Аида айымга дем-күч, шык берерине ишенебиз. Саясат муну менен бүтүп калбайт. Алдыда дагы далай ашуулар, мезгилдер бар. Билимдүү, тажрыйбалуу, тайманбаган эжебиз дагы далай белестерден өз күчүн сынайт. Убакыт кенен…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg