Адил Турдукулов: “Садыр Жапаров элге берген убадасын аткарып, эрдигин көрсөтүүдө”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Адил мырза, мурда камалган саясатчылар күздөн бери эркиндикке чыга башташты (Темир Сариев, Жоомарт Оторбаев, Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров ж.б.). Президент Садыр Жапаровдун мындай айкөлдүгү улана берсе, эртең эле бийликти тоготпогон күчтөр пайда болушуп, өлкөдөгү туруктуулукту бузууга аракеттер көрүлбөйбү? 

— Аталган саясатчылар Кумтөргө байланыштуу камалгандар. Бийликтин максаты – бул инсандарды саясаттан четтетүү эмес, Кумтөр кылымдын коррупциялык иши экенин далилдеп, эл аралык сотто утуп чыгуу. Дагы бир жолу баса айтып кетейин, саясый лөктөрдү зынданга түшүрүү – бул эл аралык сотто Кумтөр боюнча келишимди жокко чыгаруу максатында болчу. Анткени глобалдык корпорацияны жеңүү үчүн буга экс-президенттер, өкмөт башчылары, депутаттар да тийиштиги бар экенин далилдеш керек. Укуктук базабызды бекемдөө процесси катары түшүнсөк болот. Садыр Жапаров сөзүнө туруп, негизги элге берген убадасын аткарып жаткандыгын баалашыбыз керек. Эми укук коргоо органдары саясатчылардан каалаган күбөлөрдү алгандан кийин аларды камоодо кармап туруу кажети жоголду. Анткени бул саясатчылардын финансылык ресурстары жетиштүү, артында колдогон тарапташтары бар жана бейстабилдүүлүккө шарт түзүп бермек. Эми андай коркунуч жок.

— Учурда бир топ саясатчылар камакта отурушат. Алардын кимисин кылмышка шектүү, же саясый туткун катары бааласак болот? Кандай негизде, чен-өлчөм барбы?

— Эгерде саясатчы, коомдук ишмер, журналист, жарандык активист бийликке каршы оппозициялык оюн айтып, камалып, куугунтукталса, аны “саясый туткун” деп таанып билишибиз керек. Ал эми ошол инсандар качан, кайсы президенттин убагында камалганы, бул экинчи маселе. Ошондуктан саясый туткун катары биз Равшан Жээнбековду, Курсан Исановду, Фарид Ниязовду, Алмазбек Атамбаевди, Жеңиш Молдокматовду, Тилекмат Кудайберген уулун санашыбыз абзел.

— Садыр Жапаров мамлекеттин өнүгүүсү үчүн саясый күчтөрдү, интеллигенцияны, дээрлик ички-сырткы бизнесмендерди тартуу менен келечектин камын көрүүгө кадам таштаса колдоого ээ болобу? Улуттун ынтымагын бекемдөөгө, туруктуулукту камсыз кылууга, дегеле өнүгүүгө кандай идеяларды көтөрсөк жарашат? Жаңычыл жолду табууну ойлонуп көрбөйлүбү?.. 

— Президенттик институт – сот системасын, аткаруу бийлигин, жергиликтүү башкаруунун үстүнөн көзөмөлдөөчү орган болуп турат. Бул чоң тобокелчилик. Анткени эртең Садыр Жапаров президенттик тактыдан түшкөндө, “бийликти узурпация кылды” деп Алмазбек Атамбаев кандай күнөөлөнүп жатса, ага дагы ошондой айыптар коюлуп калышы мүмкүн. Ага карабай, Садыр Жапаров Конституцияны өзгөртүп, жоопкерчилик алганы – анын эрдиги, өзүнө, командасына ишенгендигинин белгиси. Тышкы саясатты сөз кылсак, президент коңшу мамлекеттер менен тыгыз мамиле түзүп жатканын көрүүдөбүз. Дүйнөлүк ири державалар менен да баланс кармап турганы жакшы нерсе. Бирок эң көйгөйлүү чек ара маселеси дагы деле чечилбей жатканын – чыныгы өзгөрүүга кадам ташталбаганы катары айтсак болот. Бирок ошол эле учурда коопсуздугубузга көңүл бурулуп, заманбап техникалардын келип атканы жакшы жөрөлгө. Президенттин оң жактарынын бири – оппозиция, альтернативалык күчтөр менен диалог түзүүгө аракет кыла баштаганы. Ошондой эле ал аймактардын балансын сактоого да аракет кылып, ар бир региондун өкүлдөрүн бийликке алып келгенге шарт түзүүдө. Эл менен да түздөн-түз сүйлөшүп, кандай маселе чыкпасын түшүндүрүүгө аракет жасап жатат. Президент – азыр эң абройлуу институт. Бул Садыр Жапаровго элдин үмүтү чоң экендигинин белгиси. Бирок башка бийлик органдарга ишеним таптакыр жок калган. Аны калыбына келтирүү – Жапаровдун башкы милдети. Антпесе ар кандай башаламандык чыгып кетишине шарт боло берет…
Асланбек Сартбаев 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg