Адахан Мадумаровдун декларациясы: Итке минген кедей, жада калса мышыгы жок

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Салык кызматы мал-мүлкүн жашырган депутаттардын тизмесин жарыялады. Алардын катарында Адахан Мадумаров дагы жүрөт. Депутаттын үй-жайы, мүлкү, жада калса ит, мышыгы дагы жок экен. Эсиңерде болсо, 2020-жылы пандемия убагында Мадумаров түз эфирге чыгып алып, “менин үйүмдө керек болсо 1 кг унум, 1 литр майым дагы жок”-деп айткан. Бирок, шайлоо учурунда Адахан Мадумаров миллиондогон акча каражаттарын чачат. Шаарда особнякта жашайт, минген унаасы 2019-жылы чыгарылган ак түстөгү “Лексус 570” үлгүсүндөгү темир күлүк. Ар дайым бакшаларды мыйзамдуу болууга чакырат, бирок өзү эч качан мыйзамды урматтабайт. Салык кызматынан кирешесин, мүлкүн жашырган мыйзам бузуу болуп саналат. Анын үстүнө, эл оозунда жүргөн адамдын салыктан качканы уят.

Аргумент.kg