Абды Суеркуловго каза болгондон кийин “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

Советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Абды Суеркуловго каза болгондон кийин “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Суеркулов Абды Суеркуловичке “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин).

Тийиштүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.

Аргумент.kg