Садыр Жапаров: “Алымкадыр Бейшеналиев сөзгө чоркок, бирок иштин көзүн билген жетекчи”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бул тууралуу Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

“Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрү медиада, соцтармакта дайыма көңүл борбордо болуп келет. Кеп вице-премьер-министр Эдил Байсалов жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев туурасында. Соцтармак колдонуучулары Байсаловду ашыкча мактоого айыптаса, министрди өзүмбилемдикке, мыйзамдарды кенебестикке айыптап келет. Сиздин пикир кандай? Алардын иш-аракеттери туурасында өздөрү менен сүйлөшөсүзбү?” деген суроого “Эдил Байсаловдун өз көз карашы бар. Көп нерсени ачык айтат. Бирөөгө жагабы-жакпайбы, ага көңүл бурбайт. Демократияга көбүрөөк ыктаган чиновник. Бизде демократия. Ар ким сунушун, өз көз карашын ортого таштайт. Аны талкуулайбыз. Жакса кабыл алабыз, жакпаса четке кагабыз.

Ал эми Алымкадыр Бейшеналиев болсо сөзгө чоркок, бирок иштин көзүн билген жетекчи. Ошон үчүн этика жактан кемчиликтери болсо да, көз жумуп келебиз. Жасаган иши эл үчүн болуп жатса болду”.

Ошол эле Эдил Байсалов пенсияга чыгуу жаш курагын жогорулатуу демилгесин көтөргөн. Сиздин пикир кандай?” деген суроого “эми бул талкуу болуп жаткан эле маселе. Эдил мырзанын демилгеси экен. Акыркы мыйзамга мен кол коём да. Мыйзам жок азыр. Жөн эле дүрбөй бербегиле” деди Жапаров.

Аргумент.kg