Аз таап, көп чыгымдаган эргул

Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун 2016-
жылкы декларациясы коомчулукта кызуу талкууланууда. Алтынбек мырза 2016-жылы бир
жылда 838 миң 328 сом иштеген. Бирок бир жылда 6 миллион сом чыгымдаптыр. Анын
15 сотка жер тилкеси, 120 чарчы метрлик батири жана 2014-жылы чыккан «Мерседес-
Бенц» маркасындагы автомобили бар. Ушул жерден белгилей кетчү жагдай, депутат
иштеп тапкан акчасынан 5 жарым эсе көп каражат чыгымдаганына көпчүлүктүн
баштары катууда. Депутат акчаны кайдан алды деген суроого жооп табыла элек.
Бизнесин жашырып байкуш болгон жигиттик эмес дегендер да четтен чыгууда.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу