Абактагы Өмүрбек Текебаевдин ооруларынын диагнозу коомчулукка ачык жарыяланды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Россиялык ишкер Маевскийден 1 миллон АКШ долларын парага алган деп айыпталып, 8 жылга кесилген экс-спикер Өмүрбек Текебаев өнөкөт оорулары күчөгөнүнөн 31-июлда Бишкектеги N47-абактан Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулуп, медициналык кароодон өтүп жаткан болучу.
Бүгүн, 7-августта Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Текебаевдин ооруларынын диагнозун коомчулукка ачык жарыялады. Ал күрөө тамырдын, жүрөк тамырларынын атеросклерозу, карынча үстүндөгү экстрасистоликалык аритмия, 2-даражадагы кооптуулугу жогору гипертония, түйүндүк богок, эутериоз ооруларынан жапа чегет.
Медициналык кароодон толук өтүп бүткөндөн кийин Текебаев ооруканадан кайра абакка жеткирилет. Азыр аны ооруканада куралдуу сакчылар кайтарышып, жанына жакын туугандарын да жолотпой жатышат.
Булак: Kyrgyztoday.kg

Аргумент.kg