Алтымыш миңдей мигранттардын балдарын ким коргойт?

Ооба, миллионго жакын ишке жарамдуу жарандарыбыз алыскы-жакынкы чет өлкөлөргө
агылып кетти. Алар алыста калган үй-бүлөлөрүн сагынып, өмүрү жасабаган жумуштарды
жасап, башка өлкөлөрдүн курулуштарын куруп, кары-картаңдарын, оорукчандарын,
балдарын багуучу болуп, дааратканаларын жууп, короолорун шыпырып, өлүкканаларын
кайтарып, дагы башка түрдүү жумуштарда маңдай терлерин төгүп иштеп жүрүшөт.
Балдарын ишенген тууган-туушкандарына аманат кылып таштап кетишкен.

Бул балдар өз ата-энелерин өтө сейрек көргөн жана көп сандаган туугандары тарабынан
тарбияланган балдардын мууну. Бул балдар акча которуулардын аркасында гана өз ата-
энелерин унутушкан жок. Айтор, бир муун болуп мигранттардын балдары жетилип келет.
Алар кандай тарбия көрүп жатат? Кандай муун келе жатат? Баш ооруган деле эч ким
жоктой.

Балдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктун жабырлануучуларынын көпчүлүгү да
ошол мигранттардын балдары.

Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине кайрылганыбызда жыл башынан бери
өлкөнүн аймагында ата-энеси жакындарынын кароосуна калтырып тышкы жана ички
миграцияда жүргөн 60124төн ашык бала аныкталганын маалымдашты. Алардын
маалыматында Бишкек шаарынан 917, Ош шаарынан 26, Чүйдөн 1087, Ыссык-Көлдөн
3579, Нарындан 2199, жалпы Ош облусунан 8204, Таластан 2464, Жалал-Абаддан 23220,
Баткен облусунан 18428 мигранттардын балдары бар экендиги катталган. Жалал-Абад,
Баткен облустарында мигранттардын балдары көп экени маалым болду. Жыл башынан
бери балдарга карата жасалган 400дөй кылмыш иши катталса, анын ичинен 50сү
сексуалдык зомбулук экени аныкталды. Өткөн жылдын жарым жылдыгында
да балдарга карата 400дөй кылмыш катталып, анын 30у сексуалдык мүнөздө болгон. Бул
көрсөткүчтөр ата-энеси сыртта жүргөн балдарга жасалган сексуалдык зомбулуктун бетин
ачуу жогорулаганынан кабар берет. Кароосуз калган бала – бул зомбулуктун объектиси
болуп калууда.

Өзү тарбиялап жүргөн балага ыплас аракет жасалган

Бул үрөй учурган көрүнүш бир апта мурда болуп өттү. Ысык-Көл районунун Өрнөк
айылында өзүнүн 7 жаштагы тууганына ыплас аракеттерди жасоого шектелген 36
жаштагы адам кармалды. Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүү Москва
районунун Беловодск айылынын 1981-жылы туулган тургуну. Ал Өрнөк айылына эс
алууга келип, ижарага боз үй алган. Ыплас аракеттерди жасаган учурда мас абалда
болгон.
Айрым маалыматтарга караганда, ата-энеси Россияда иштегендиктен 7 жаштагы баланы
ал өзү тарбиялап жүргөн. Окуя тууралуу милицияга жергиликтүү тургундар билдиришкен.
Учурда шектүү камакка алынып, иликтөө иштери жүрүп жаткан кез.

Мигранттардын балдары – коркунуч алдындагы балдар

Ата-энеси узак убакытка таштап кеткен балдар коркунуч алдындагы топ катары саналат.
Анткени алар каралбайт, билим албайт, эмгекке тартылат, ыдык көрөт. Бул тууралуу
ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүчүлүгү билдирди.

«Бирок алар мамлекеттен жардам ала турган эч кандай категорияга кирбейт. Карай
турган эч кимиси жоктор гана мамлекеттик интернаттарга жиберилет. Ошондуктан
мигрантгардын балдары коркунуч алдындагы балдар болуп эсептелет. Алар зордук-
зомбулукка кабылат, муктаждыктары канааттандарылбайт, укуктары тебеленет».

ЮНИСЕФтин маалыматында, Кыргызстандагы балдардын жарымынын ата-энеси жаштар.
Жаштар эмгек миграциясына агылган эң калың катмар.

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу