700 миң сом айлык алган Азат Базаркулов элден башкачабы?

Мамлекеттик кирешелүү ишкана катары таанымал «МегаКом» компаниясынын директору Азат Базаркуловдун маянасы 700-800 миң сом экен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов парламентте айтты. Ошондо Базаркуловдун бир жылдык айлыгы баш-аягы 10 миллион сомго барабар болот. Эмгек өргүүсүнө алчу каражатты кошкондо андан дагы ашат. Бизде өмүр бою иштеген академик, профессорлор бар. Алардын айлыгы 10-15 миңден ашпайт. Күнү-түнү иштеген дарыгерлерибиз, мугалимдерибиз 7-8 миң сом алат. Ошондо мугалим, врач, маданият кызматкерлеринин бир жылдык айлыгы эң кыйын болсо 100 миңге араң жетет. Ошондо Базаркуловдун бир жылдык айлыгын иштеп табыш үчүн 100 жыл иштөөгө туура келет экен. Ушул дагы калыстыкпы? Айлыктан тышкары кымтымайларга жол берилсе, Азат мырзанын алкымы кернейдей эле болсо керек. Мына «Кыргызтелеком” банкроттук алдында турат, жетекчиси 100 миң сом айлык коюп алыптыр. Анан кантип өнүкмөк элек…

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу