7 кадам — Криминалдык кландык башкарууну түзгөн Атамбаев: элге, мыйзамдуулукка түкүрүк.

Экс-президент Алмазбек  Атамбаев бийликте турган алты жылдын ичинде “мен эч качан Акаев менен Бакиевге окшогон ажыдаарларга айланбаймын” деген маанидеги сөздөрдү көп айткан  менен  бирок майлуу-сүттүү кызмат орундарын жакындарына менчиктеп, аларды олигархтарга айландыруу, мыйзамдуулукту тебелеп-тепсөө жагынан алардан да өтүп кеткендигин ачык айталы.

Алсак, Жогорку Кеңештин бир комитетинин төрагасы Тынычбек Акматбаев баштаган төрт адамды өлтүртүп, алардын айрымдарынын баштарын, жыныстык органдарын кестирип, Т.Акматбаевдин кесилген башына олтуруп  алып, колундагы тамекисин анын кулагына, көздөрүнө тыккан, алардан башка да көптөгөн мекендештерибиздин убалдарына калган  Азиз  Батукаевди  Кыргызстандан персоналдуу учак  менен чыгарттырып жибергени мыйзамдуулукка гана эмес, кыргыз элинин бетине түкүргөнгө барабар болгон. Мүмкүн, маркум Т.Акматбаевде да кемчиликтер болгондур, ал башка маселе, бирок жакшыбы-жаманбы бийликтин бир бутагында чоң орунду ээлеп турган адамды мыкаачылык менен өлтүрткөнгө андай урмат көрсөтүү — ал бийликке да түкүргөндүк эмеспи! Аны кыргыз эли эч качан эсинен чыгарбайт, экс-президент баштаган тийиштүү адамдарга ал үчүн жооп бере турган да күн келет.

Уятсыздыктын эң төмөнкү көрүнүшү

Акаев —  академиядагы лаборанттарын, аспиранттарын, аялын, балдыздарын, күйөө баласын, Бакиев — балдарын, бир туугандарын байытса, Атамбаев алардан да ашты, майлуу-сүттүү чоң кызмат орундарын узурпациялоо жагынан өзгөчө рекорд орнотту. Биринчи кезекте өзү аябагандай байыды, ал ырысын көтөрө албай, “кудай мага акчаны аябагандай көп берди” деген мааниде Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөргө барганда да мактанып жүрдү. Бирок, ал акчалар кайдан табылгандыгы, Кой-Таштагы жана мамлекеттик резиденциянын аймагындагы хан сарайлар эмненин эсебинен курулгандыгы, “балашкаларына”( мүмкүн “милашкаларына” да) батирлерди кайсыл акчасына алып бергендиги ж.б. жөнүндө салык органдарына да, коомчулукка да түшүндүрмө бере элек. Ал эл алдына чыкканда мактанганды, мас адамдай өйдө-төмөн сүйлөгөндү жакшы көргөн менен эч качан коомчулукка отчет бергиси келбейт. Бул анда саясый маданияттын, уят-сыйдын таптакыр жоктугун гана айгинелейт.

Атамбаевдин элдин эсебинен байыган олигархтары

“Ууру тойгончо жеп алып, өлгөнчө карганат” дегендей, дайыма адалсынып сүйлөгөн менен экс-президенттин кыска мөөнөттүн  ичинде элдин, мамлекеттин эсебинен чексиз байыган олигархтардын чоң тобун түзүүгө үлгүргөндүгү азыр ачыкка чыгууда. Алардын баары экс-ажонун кайнилери, күйөө балдары, жан сакчылары, айдоочу, кампачы, катчы сыяктуу айланасында жүргөндөр.

Биринчиси — Икрамжан Илмиянов, касапчы, айдоочу, президенттин кеңешчиси, президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары. Ишенимдүү булактардын маалыматтары боюнча, ал кадрлар маселесин, Түштүк аймагындагы кендерге лицензия берүүнү чечип, крышалагандыгы үчүн Кыргызстандагы 100 бай адамдын ар биринен ай сайын 1 миллион сомдон алып жүрүп байып, “Ихлас”,“Авангард стиль”, “ KG групп” курулуш компанияларынын акцияларын алып, аябагандай чоң байлыкка ээ болду.  “7 Канал”, “Апрель”, NewTV телеканалдары, бир нече сайттар анын менчигинде. Айрымдар ал наркотрафикти да көзөмөлдөп жүргөн дешет. Ишенимдүү капчык болгондугу үчүн “Манас” ордени менен сыйланган.

Экинчиси — Сапар Исаков, ЦАРИде Максим Бакиевдин жардамчысы болуп иштеп, кантип акча жасоо керектигин андан үйрөнгөн, “Авангард стиль” компаниясынын акцияларынын бир бөлүгүнө ээ. Кытайдан ташылып келип жаткан тоок эттерин, сырттан тартылган инвестицияларды  толук көзөмөлдөп келген. Кытайлык айрым компаниялардын Кыргызстанга киришинде ортомчулук да кылып жүргөн. «Ала-Тоо”  эс алуу жайында 240 адамдын тоок этинен ууланышында күнөөсү бар. “Лиглассты” Кыргызстанга киргизгендиги үчүн шефи экөөсү Чехиядан коттедж алган дешет.

Үчүнчүсү — Албек Ибраимов,экс-президенттин мурдагы таразачысы, кампачысы, ал да президенттик аппараттын бөлүм башчысы,  анан Бишкекке мэр болгон.”Авангард стилде”, бир катар курулуш компанияларында үлүшү бар. “Манас” аэропортунда өткөрүлгөн тендерлердин 15%ы, андагы машина токтоочу жайлардан түшкөн кирешелердин бардыгы, авиакеросиндерди сатуудан алынган кирешелердин жарымы  ошонуку, Бишкектин айланасында жалпы аянты 200 гектардан ашык 20га жакын жер участокторуна ээлик кылат. Байлыктарынын көбү аялына жазылган.

Төртүнчүсү — Эркин Мамбеталиев, мурдагы жан сакчысы, ЖКнын депутаты Ж.Сурабалдиевдин өлтүрүлүүсү боюнча айыпталып, чоң убакытка кесилген менен А.Атамбаев бийликке келери менен түрмөдөн чыгарылып, бир нече кафе, ресторандардын ээси болгонго, Россияда чоң базар ачканга үлгүргөн.

Бешинчиси — Калыкбек Султанов, мурдагы жолдор жана транспорт министри, экс-президенттин негизги кошелёкторунун бири. Уставдык капиталы 1 млрд. долларлык “Авангард стиль” курулуш компаниясынын ээси. Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолун ал көзөмөлдөгөн компаниялар куруп жатат. Кытайлык айрым компаниялар менен тыгыз иштешет.

Алтынчысы — Абдил Сегизбаев,  А.Атамбаевдин кайниси,  А.Акаевдин пресс-катчысы, убагында КТРКны элге жек көрүндүгө айландыргандардын бири. Бир нече кафе, ресторандардын ээси, Ысык-Көлдө коттеджи, Бишкекте элиталык батирлери бар.

Жетинчиси — Болот Сүйүнбаев, А.Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы, УКМКнын төрагасынын орун басары болуп иштеп турганда контрабандалык товарлардын айландырылуусун, өзгөчө таңсык товарлардын Тажикстанга чыгарылуусун  көзөмөлдөгөн. Алматыда камакка алынган, ЖКнын мурдагы депутаты Асылбек уулу Дамирбек анын адамы болгон. Мындан сырткары, Болот Сүйүнбаевдин жогорку билим боюнча диплому жасалма экени ачыкка чыгууда.

Сегизинчиси, тогузунчусу…деп кете берсек да болмок, ага тизмедегилер жетишет, аларга дагы биз билбеген жаңылар кошулууда. Бирок, ушулар деле Алмаз Атамбаевдин президент болуп турганда криминалдык кландык башкарууну бекем  орноткондугуна далил болуп бергенге  жетишет деп ойлойбуз. Калгандарын убагы келгенде айтабыз. Атамбаевдин “Жерүй” кенине байланыштуу коррупциялык аракеттери жөнүндө да сөз кылабыз.

Экс-президент энергетиканы неге жакшы көрөт?

Экс-президент электр энергетикасына байланышкан чөйрөнү мурдатан жакшы көрөт.Убагында Түркиялык электр эсептегичтерин чыгаруучу “Электромед”, “Форекс Макина” деген компаниялардын акцияларына ээ болсо, аларды 2006-жылга чейин саткан. Бирок, 2013-жылы 29-мартта №1390 менен “Электромеддин” эсептегичтери КРнын өлчөө каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизилип, алар 2018-жылдын жазына чейин Кыргызстандык абоненттерге коюла тургандыгы айтылса, андан көп өтпөй тендерден Түркиялык “АК-АЙ Электрик” деген компания утуп алып, 33,2 миллион евролук продукцияларга келишим түзүлгөн. Ал компания Молдавиялык «АДД Крупп» компаниясынын Түркиядагы дистрибьютору, анын ээси Владимир Плахотнюк, аны менен 2015-жылы мартта А.Атамбаев тымызын Молдавияда жолугушуп, анын самолёту менен андан ары Санкт-Петербургдагы саммитке учуп баргандыгы убагында маалымдалган. Экс-президенттин балдары “Электр станциялары” АКсынан электр энергиясын сатып алып, абоненттерге кайра сатуучу фирмаларды көзөмөлдөшөт.

Алдын ала эсептер боюнча Бишкек ТЭЦин модернизациялоого алынган 386 миллион долларлык кредиттен 150  миллион доллар жакыны уурдалганы айтылууда. Анча акчаны энергетиктер эле уурдабагандыгы, алардын артындагы “крышалар” да олчойгон “шапкелерин” алышкандыгы кимге болбосун түшүнүктүү болуп турат. ТЭЦти модернизациялоого бөлүнгөн каражаттардын сарпталуусун убагында КР Эсептөө Палатасы текшерген менен эмнегедир анын кызматкерлери ашырып жазууларды, уурдоолорду байкашкан эмес. Мүмкүн,  анын жетекчиси У. Мариповдун убагында А.Атамбаевдин жардамчысы болгондугунан улам уурдоолор байкалбай калгандыр? Күйөө балдар, “балашкалар”, кайнилер миллиондорду сапырышса, мурдагы катчылар, жардамчылар аларды текшеримиш болушуп, аркаларын  жаап-жашырып, тазалап шыпырып  турушса, андан өткөн жыргал барбы? Андай “жыргал” укуктук жактан кандай чечмеленерин бешиктеги бала да билет. Ал — баш-аягын тегиз чырмаган, тоталдык айлампа коррупция деп гана аталат.

Ушундай иштерди жасаган экс-президенттин  орду мамлекеттик резиденцияда эмес, темир тор артында  болушу керек!

Лейла Саргалаева

Булак: NazarNews.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу