5,7 млрд. сомдук кен байлык казылды

Кыргызстанда 2018-жылдын алгачкы алты айында 5 млрд 686 млн 403 миң сомдук кен байлык казылып алынды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, кен казуу боюнча аймактардын ичинде 4,1 млрд. сомдук кен казылган Жалал-Абад облусу сап башында турат. Ошто 817,6 млн. сомдук, Баткен жергесинде 282,2 млн сомдук, Нарында 244,7 млн. сомдук, Чүй өрөөнүндө 126,6 млн. сомдук, Бишкек шаарында 36,2 млн. сомдук, Ысык-Көлдө 30,9 млн. сомдук, Таласта 741,9 миң сомдук кен байлыктар казылган.

Булак: Zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу