ЭЛДИН БАЙЛЫГЫН ТОНОГОН «РАЙЫМ МИЛЛИОНДУ» ТЫЙБАСА АБАЛ ЧАТАК…
03-теке, 2017-ж // //Учурда өлкөбүздүн Бажы кызматында орун басарлык кызматта чалкалап отурган Райымбек Матраимов деген бир эрен бар эмеспи. Адеп Ош бажысында, кийин түштүк региону боюнча бажыга башчы болуп коррупциянын схемасын мыкты өздөштүргөн неме кайсыл бийлик келсе да керектүү адамдын тилин таап, отко күйбөй, сууга чөкпөй өз “ишин” кылып келатканы белгилүү. Аталган тармактагы өзү түзгөн схемалар аркылуу капчыгын миллиондорго кампайтып жатканы тууралуу ММКлар далай ирет жазышты. Мындан сырткары, Кытай тараптагы посттордон жүк ташып кирген ар-бир унаадан тыйын өндүрүп, бербеген ишкерлердин мазесин алары да айтылып келатат.
Мына ушундай жол менен чөнтөгүнө акча суудай агып кирип миллионер эмес, миллиардер болуп жарылайын деп калган Райым Бажы кызматына орун басар болуп дайындалгандан бери өзүн “хан” сезип аталган тармактын кадр жана финансылык иштерин толук өзү тейлеп, кол алдыдагыларды кууратып жатыптыр. Буга чейин ишкерлер Райымдын алкымы бузук экенин айтып ыйлакташса, көзүнө эмне көрүнсө ошонун баарын баса калган ач көздүгүнө эми бажычылар өзүлөрү да чыдабай, катуу нааразычылыктар болуп жатканын кулагыбыз чалды.
Буга чейин Бажыда Матраимов өз билгенин жасап жатканы тууралуу парламентте да бир нече ирет айтылды. Бирок эмнегедир айтылган нерселердин бардыгы көңүл сыртында калууда. Мунун сыры эмнеде? Угушубузга караганда, Президенттин ишенимдүү адамдарынын эң ишенимдүүсү Райымдын былыктарын чукутпай, ал тууралуу маалыматтарды жогору жакка жеткирбей калканыч болуп келатыптыр. Ажонун айланасындагы ал адамга таянган эргул, эч кимди көзгө илбей Бажыны каалашынча калчап жатканы ошондон экен. Баарынан таң калтырганы коомчулукта болуп жаткан бул сөздөргө президент кулак салбаганы кандай? Орус ишкеринен 1 млн доллар алды деген шек менен Текебаевди камакка алган бийлик, бул жакта жүздөгөн миллиондорду кымырып мамлекетке орду толгус зыян келтирип жаткан Матраимовго неге көңүл бурбайт?
Ал эми жогору жакка кирели десе орто жолдогулар эшикти бекитип, кыйкыралы десе жетинчи кабатка үн жетпей чыдамы кеткен ишкерлердин ичинен он чакты үлкөнү чогулуп кыргыз бажысындагы иштерге чекит коюу өтүнүчү менен Орусиянын президенти Владимир Путинге барууга камданып жатышыптыр. Себеби, Бажы биримдигине киргенде ага мүчө өлкөлөрдүн ортосунда чектер алынып, ал эми үчүнчү өлкөлөр менен товар киргизип чыгаруу бирдиктүү тарифке өтөрү айтылган эле.
Мына ушинтип башка өлкөнүн президентине арыз-муңдарын айтууга мажбур кылбай эле, болуп жаткан маселени президенттин айланасында жүргөн эрендер өзүлөрү эле чечип коюшса туура болмок. Себеби, кыргыз эли 2010-жылы Кыргызстаныбыздын кең келечеги үчүн деп үй-бүлөлүк бийликке каршы чыгып революция жасаган! Окко учкан азаматтарыбыз, гүлдөгөн мамлекетке айланалы деп жан беришкен! Бүгүнкү күндө биз эмнеге күбө болуудабыз? 7-апрелде шейит кеткен бир туугандарыбыздын үмүттөрү акталбай, Матраимовго окшогондор байыгандан байып, аларды калкалагандар тайраңдап жүрүшөт. Муну көргөндөрдүн кыжыры кайнап, коомчулукта бийликке карата нааразычылык күчөй баштады. Коомчулукта миллиондорго көмүлүп, байлыкка башы айланган Райым Дача СУга кулаган учактан кийин деле тыйылса болмок деген кептер көбөйдү. Шайлоо алдында ушундай абал түзүлүп жатканы жакшы көрүнүш эмес. Бардык нерсенин чеги бар. Учурда саясый абалды курчутуп жаткан факторлор мына дал ушул Райымга окшогондор менен президенттин айланасындагы айрым адамдар экенин ар бир экинчи кыргызстандык айтат. Андыктан абалдын курчуп кетпеши үчүн ажобуз тез арада тегерегин тазалап, бир силкинип албаса шейит кеткендердин арбагы тынч жатпайт…