Нияз Абдразаков: «Үйлөнөйүн деп жатам, бирок…»

Эстрада ырчысы Нияз Абдразаков менен кенен отуруп, кыздар туурасында маектештик. «Үйлөнүп калсам, сиздерге биринчилерден болуп сүйүнчүлөйм» деген ырчы мырза, кыска-нуска жакшы маек куруп берди.

— Нияз мырза, айтсаңыз, сиздин табитиңиздеги кыздар кандай болду экен?
— Ар бир адамдын табити ар кандай болот, мен жөнөкөй кыздарды жактырам. Өзгөчө тазалыкка басым жасап, эне тилин так жана таза сүйлөгөн кыздарды жактырам десем жаңылышпайм. Айта кетсем, азыркы жаштарыбыз өзгө тилде сүйлөгөндү адатка айландырып алышпадыбы. Жадакалса, башка өлкөлөргө барып, иштеп же окуп жүрүп, ошол жактын тарбиясын алып келип жатат. Негизи, “Башка тилде сүйлөгөн адам — ошол тарбияны алып, чоңойгондун белгиси” деп билем. Айтарым, кыргызча эле сүйлөгөнүбүз жакшы.

— Алардын эмнесине басым жасап, эмнесине көңүл бурасыз?
— Маданият чөйрөсүндө, элдин жүзү болуп, эл алдында жүргөн соң, жубайым да ар тараптуу болушу керек. Үйдө болобу, башка жерде болобу ишине так, жоопкерчиликтүү болуу — кыз-кишиге эң жарашыктуу сапаттардын бири деп эсептейм.

— Андай болсо, кыздардын сизге жакпаган сапаттарын айтсаңыз?..
— Ичкилик ичип, чылым чеккен, көп сүйлөгөн, көчөдө көп жүргөн, “Мода” деп аны кууп, батышты туураган кыздар жакпайт. Боёкту керексиз жана көп колдонгон кыздар дагы менин табитимдегилерден эмес. Негизи эле, жалпы мырзаларга бул нерсе жага бербесе керек.

— Жакшы экен! Сүйлөшкөн кызыңыз менен тааныштырбайсызбы?
— Бир канча саат мурун, сиздердин кесиптештериңиздерге дал ушул суроого «Жок” деп жооп бердим эле. Чындыгында, кыз-жигит катары сүйлөшкөн кызым жок. Учурда жүрөгүм бош. Айткандай эле, изденүүдөмүн…

— Деги буга чейин кыздар менен сүйлөштүңүз беле?!.
— Ооба, жашыруунун кажети жок, буга чейин кыз-жигит катары сүйлөшкөм. Эми ал мезгил өттү, кетти дегендей…

— Анда кыздар үчүн айтсаңыз, сиздин мүнөзүңүз кандай?
— Пунктуалдуулукту жакшы көрөм. Буга чейин, башка жактарда көп иштеп калганыма байланыштуу, “Кыргызчылык” деген мүнөз менде жок. Тез ачуум келип, бат таарынып, бат жазылам…

— Анда качан жеңелүү кыласыз? Менимче, үйдөгүлөр деле четин чыгарып жатса керек?..
— Азырынча качан үйлөнөөрүм белгисиз. Кудай буюрса, жакшы кызга туш болсом, түтүн булатып, «Үй-булөөлүү» деген статуска ээ болсом, сөзсүз түрдө сиздерге алгачкылардан болуп, сүйүнчүлөйм.

Булак: Гезит.кж 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу