49 талапкердин алтоо гана кол топтоду

Президенттикке талапкерлердин алтоо гана Борбордук шайлоо комиссиясына кол
топтоо баракчаларын тапшырды. Маалымат боюнча, Темир Сариев 60 миң, Өмүрбек
Бабанов 107 миң, Өмүрбек Текебаев 38 миң 642, Бакыт Төрөбаев 72 миң 298, Сооронбай
Жээнбеков 50 миң 44 жана Адахан Мадумаров 43 миң 871 жарандардын колун топтоп
тапшырышкан. Кол коюлган баракчалар 26-августка чейин кабыл алынат. БШК
Текебаевдин «кол чогултуу үчүн сарпталган чыгымдар шайлоо фондунан каржыланган
эмес» деп, чогултулган колдун баары жараксыз деген чечим кабыл алган. Аталган
комиссия үч талапкерди расмий каттоодон өткөрүп, күбөлүк тапшырган. Учурда
президенттик шайлоого аттана турган 49 талапкер калды. Башында БШКга 59 талапкер
арыз берген. Шайлоо 15-октябрга белгиленген.

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу