4 жаштагы баланын атасы: «Чөгүп кеткенин байкабай калдым»

Ысык-Көл районунун аймагындагы «Керемет-Суу» эс алуу зонасында сууга чөгүп каза болгон 4 жаштагы Нурадил ата-энеси менен эс алуу үчүн барган. Бул тууралуу аймактык кабарчы жергиликтүү тургундарга шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 7-июлда саат 20:30 чамасында ысык булак жайгашкан Чоң-Өрүктү айылында болгон. Түп районунда жашаган үй-бүлө эс алуу үчүн аталган аймакка барган. Алар сууга түшүп жаткан учурда 2013-жылы туулган (30-декабрь) И.Нурадил кароосуз калып, сууга сөгүп кеткен. Наристеге медициналык жардам көрсөтүү үчүн Ананьев аймактык ооруканасына алып келишип, бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес деп жазат Turmush сайты.

Наристенин атасы — 1976-жылы туулган Т.А.нын айтымында, саат 19:00 чамасында үй-бүлөсү менен ысык булакка түшүү үчүн келишкен. Ал баласынын оозу-мурдуна суу кирип, чөгүп кеткенин байкабай калган. Т.А. менен наристенин апасы — 1989-жылы туулган С.М. соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан.

«Керемет-Суу» эс алуу аймагындагы минералдык булак Чолпон-Ата курорттук шаарынан болжол менен 50 чакырым алыс жайгашкан.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу