Атамбаевдин Россиядагы оор кылмышка тиешеси барбы?

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кыңыр иштери Россиядан да чубалып, аталган өлкөдөгү кылмыш ишинде АШАнын ысымы айтылууда. Тактап айтканда 2011-жылы ошол кездеги өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев белек кылган курал Москва шаарындагы оор кылмышка далил катары алынган.
«Коммерсант» басылмасы жазган маалыматка караганда, Glock-19 тапанчалары МамДуманын ошол кездеги депутаты жана алдамчылыкка шектелген Денис Вороненков менен дагы эки шектүүгө кантип жетип калганы иликтенген. Рейдерлик басып алуунун башында турган ФСБнын экс-полковниги Андрей Мурзиков Атамбаевдин санаалашы болгон жана куралды АШАдан беле катары алган. Олег Кан деген кылмышкер да экс-президенттин досу деген кептер чыгып жатат. “Алынган документтерге ылайык, тапанчалар жана 50 огу Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаевдин 2011-жылдын 9-июнундагы буйругу менен берилген”, – деп жазган «Коммерсантъ».
Бирок тергөөчүлөрдү кызыктырган бир жагдай болгон – премьер белек кылса, эмне үчүн шектүүлөргө тапанча Кыргызстандан эмес, Австриядан келген? Кыргызстандын Ички иштер министрлиги сыйлык курал катары Glock-19 тапанчасынан жүз даананы ошол Австриядан сатып алганы айтылат. Алдамчылыкка шектүүлөрдүн бири – ишкер Виталай Качура ага жана ФСБнын экс-полковниги Андрей Мурзиковго Кыргызстан ИИМнен сыйлык куралды алууну депутат Вороненков сунуштаганын айтат. Басылманын маалыматында, тапанчалар Мурзиковдун Кыргызстандын ИИМдеги таанышы аркылуу алынган. Качура тапанча үчүн 150 миң долларды кыргыз милициясына эмес, Мамдума депутатына төлөгөнүн айткан.
Чындыгында Атамбаев бийликти турганда далай досторуна бюджеттен бөлүнгөн акчага сатылып алынган куралдарды беле кыла берген. Жогорудагы окуя АШАнын берген куралдарынын ачыкка чыккан гана жагдайы. Атамбаев тараткан куралдар канча адамдын канын төгүп, кандай оор кылмыштарда колдонулуп жатканы азырынча ачыкка чыга элек. Келечекте бул көрүнүш Кыргызстандын башына чоң мүшкүл алып келиши ыктымал. Муну Россиядагы оппозициялык маанайдагы саясатчы Алексей Навальный да айтып чыккан. Антыктан, АША тараткан куралдардын так санын аныктап, алардын мыйзамдуулугун аныктоо керек.

«Кактус» сайтынан кыргызчаланды

Аргумент.kg
Жооп калтыруу