Кыргызстандын президенти чек аранын ачыктыгын камсыз кылууда

Биздин коңшулар, ЕАЭБдин мүчөлөрү Кыргызстандын Биримдиктин базарына жөнөтүп жаткан товарларынын мыйзамдуу экенине шектенүүдө. Алардын айрым бөлүгү аткезчилик жол менен кирип жатат дегендер да бар. Мындай нуктагы биринчи чатак 2017- жылдын башында Кыргызстандын чек арасы аркылуу Кытай менен Түркиянын товарлары өтүп жатканы айтылганда чыккан. Ошол учурдагы Кыргызстандын бийлиги буга беттырмаарлык кылып койгон. Эл аралык эксперттер Казакстан Россия жана Белорусия өздөрүнүн бажы төлөмдөрүнүн эсебинен Кыргызстандын бюджетин колдоп келгенин айткан.
Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн “жинди” позициясын карманып, Казакстандын бийлигин айыптап чыккан. Алардын ички ишине чейин башын тыгып жиберген. Анын кесепетин эл тартып, экс-президенттин “балп этмелери” далай ишкерлерди сызга отургузду.
Эмне Кыргызстан мыйзамсыз соода чырына тартылып калган? Эмне үчүн аксиздик саясаттын айырмасы чоң болуп калганын? Биздин бажычылар кимдин кызыкчылыгы үчүн иштеген? Бул Кыргызстандын экономикасына кандайча коркунуч жаратмак? Кытай менен Түркиядан келген 50 млрд. долларга барабар контрабандалык товарды жашырып келген.
Россиялык Regnum басылмасы Кыргызстандын бажы кызматынын статистикасын жарыялады. Андагы маалымат боюнча акыркы 20 жылда Кытайдан Кыргызстанга жалпы суммасы 11,64 млрд. долларды чапчыган товар импорттолгон. Ал эми расмий Бейжин бул сумманы 61,667 миллиар доллар деп эсептеген. Ортодогу айрыма дээрлик 50 млрд. долларды түзүүдө.
Ошондой эле автор Кыргызстан Түркия үчүн ири импортер экенин белгилеп, маалыматтарды сунуш кылган. Кыргызстандын бажы кызматынын маалыматы боюнча акыркы 20 жылда аталган мамлекеттен 1,129 млрд. долларга бааланган жүк кирген. Ал эми Түркия болсо Кыргызстанга 2,968 млрд. доллар товар эскпорттогонун маалымдоодо. Ортодогу айырма 1,839 миллиард долларды түзүп жатканын аталган басылма маалымдайт.

Сооронбай Жээнбеков кызматка киришкенден тарта эле бул маселени жеке көзөмөлүнө алды. 2017-жылдын 29-ноябрында казак президенти Нурсултан Назарбаев менен кыргыз-казак чек арасындагы абалды жакшыртуу боюнча атайын “Жол картасын» иштеп чыгалы деп макулдашышкан. Аталган документтин негизинде ветеринардык, фитосанитардык көзмөл боюнча бир катар чечилбей турган маселелер жөнгө салынды.

Учурда Кыргызстандын азыркы бийлиги өкмөттүн ачыктыгын, аткарылып жаткан иштердин айкындуулугун камсыздап, коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүдө. Бул аракеттер жакынкы жылдары өз натыйжасын бергени турат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу