Экс-президент Алмазбек Атамбаевди КСДПдан чыгаруу маселеси каралат

28-ноябрь саат 15:00дө Бишкектеги «Достук» мейманканасында «КСДП Атамбаевсиз» урааны менен партиянын Свердлов райондук конференциясы өтөт. Бул иш-чарага өлкөбүздөгү бардык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн чакырабыз. Жыйында экс-президент Алмазбек Атамбаевди КСДПдан чыгаруу маселеси каралып, бул боюнча райондогу партия мүчөлөрүнүн чечими кабыл алынат.

Партиянын көп жылдан берки активдүү мүчөсү Сагынбек Абдрахманов демилгелеген «КСДП Атамбаевсиз» урааны астында иш алып бараткан кыймыл буга чейин Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарында жыйын куруп, КСДПнын карапайым мүчөлөрүнүн колдоосуна ээ болгон. Токтогул районундагы партиялаштар да бир добуштан демилгени кубаттаган.

Ал эми жакында эле Бишкектин Биринчи май районундагы мындай жыйында КСДПнын мүчөлөрү Атамбаевди бир добуштан партиядан чыгарууну колдогон. Жакын арада борбор калаанын Ленин жана Октябрь райондорунда да ушундай эле ураандын астында конференция өтсө, декабрь айында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында «КСДП Атамбаевсиз» урааны жаңырат. Аягында партиянын республикалык съезди өтүп, Алмазбек Атамбаевге чыныгы баа ошондо берилет.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу